Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Токмоктогу ири өрттү өчүрүүгө 117 кызматкер тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, Токмок шаарына жакын жайгашкан "Заказник" мамлекеттик жаратылыш аймагында өрт чыккан. Бул аймакта шамал болуп тургандыктан өрт жайылып, бир топ аймакты каптап кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен кырсык катталган аймакка кошумча күч-каражаттар жөнөтүлдү.
Учурда жалпысынан 117 кызматкер, 5 өрт өчүрүүчү унаа, 2 суу ташуучу унаа, 1 ППУ, 2 дрон, 2 көчмө насостук станция жана 2 техника иштеп жатат.
Кошумча маалымат берилет.