Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. Токмок шаарындагы №1 психоневрологиялык социалдык стационардык мекеменин жаңы имараты ачылды.
Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, имарат толук оңдолуп, үзгүлтүксүз камкордукка муктаж бейтаптардын жайлуу жана коопсуз болушу үчүн зарыл шарттар түзүлдү.
Салтанатка президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев катышты.
Президенттин өкүлү бейтаптар үчүн ыңгайлуу жана тиешелүү шарттарды түзүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.
Андан тышкары, Осмонов мекеменин эски имаратын көрүп чыгып, капиталдык оңдоо долбоорун даярдоону тапшырды.