Токмоктогу мыйзамсыз менчиктештирилген завод кайра мамлекетке өттү

Аймак Загрузка... 28 Ноябрь 2025 16:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УКМК

Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. Токмок шаарында ири жер тилкеси, имараттар, кампалар жана баалуу мүлктөр мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Буга чейин завод мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталган. 1993-жылы завод “Ак-Тилек” акционердик коомуна айлантылып, акциялар эмгек жамаатына, жетекчиге жана Мамлекеттик мүлк фондуна бөлүнгөн.

Андан соң 1998-жылы бардык акциялар жеке адамдарга жана ЖЧКларга өтүп кеткен, бирок расмий документтер менен тастыкталган эмес. Кийин мүлк кытай жаранына да өткөн.

Бүгүнкү күндө заводдун акциялары кыргызстандыктар жана кытай жараны арасында бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, аталган "Консерва завод" тууралуу тиешелүү органдарда жеке тараптарга өтүп кеткендиги тууралуу так маалыматтар жоктугу аныкталды.

УКМКнын аракеттеринин натыйжасында имараттар, кампалар жана 7,238 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Ал эми кытай жараны Д.Ц. баасы 10 млн сомду түзгөн мүлкүн Мамлекеттик мүлк фондуна өткөрдү.