Токмокто ипотекалык турак жайлардын курулушу текшерилди

Аймак Загрузка... 07 Ноябрь 2025 14:14
copyright icon Президенттин Иш башкармалыгы

Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Токмок шаарындагы ипотекалык үйлөрдүн курулушунун жүрүшүн текшерди.

Аталган башкармалыктан маалымдашкандай, Токмок шаарында ипотекалык негизде 29 блоктон турган турак жай комплекс курулууда.

Учурда курулуш иштери толук ыргагында жогорку сапаттык талаптарга ылайык жүргүзүлүүдө.

Жалпы долбоор боюнча айта турган болсок:

  • 1905 батир курулууда;
  • 9 блок 9 кабаттуу, 20 блок 15 кабаттуу үйлөр;
  • ар бир кабатта 5 батир орун алган, ар бир батирге жеке газ казаны орнотулат;
  • турак жайлар борбордук канализацияга туташтырылган жана энергияны үнөмдөөчү технологиялар колдонулууда.

Мындан тышкары, комплекстин аймагында жашоочулар үчүн бардык шарттар каралган — балдар жана спорт аянтчалары, жашыл зоналар, унаа токтотуучу жайлар, ошондой эле мектеп жана бала бакча жакын жайгашат.

Бул турак жай комплекси президент Садыр Жапаровдун жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу демилгесинин алкагында ишке ашырылып жаткан маанилүү социалдык долбоор болуп саналат.

“Бул президент Садыр Жапаровдун элге берген убадасынын иш жүзүндөгү аткарылышы. Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, ар бир үй-бүлө үчүн жеткиликтүү, сапаттуу жана коопсуз турак жай куруу боюнча иштер бардык аймактарда жүрүп жатат. Токмок шаарындагы бул ири долбоор да ошол саясаттын жандуу мисалы”, - деди Каныбек Туманбаев.

Ал кошумчалагандай, курулуш иштери өз убагында жана сапаттуу бүткөрүлүшү зарыл.