Чүй облусунун Токмок шаарында курулуп жаткан “Алдос Текстиль” кездеме чыгаруучу текстиль фабрикасы Эгемендүүлүк күнүн утурлай ачылат. Быйыл ишке берилүүчү ишканалардын катарында ачылып жаткан өндүрүш аймагынан негизинен кездеме, брондолгон айнек жана кошумча асфальт-бетон даярдалат. Өлкөнүн жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө багытталган текстиль фабрикасынын алдыдагы ишмердүүлүгү тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине “Алдос Текстиль” текстиль фабрикасынын жетекчиси Кемелбек Норузбеков маек берди.

- Фабриканын курулуш иштери, негизи эле өндүрүш тармагы тууралуу кеп салсаңыз?
- “Алдос Текстиль” текстиль фабрикасы аянты жана өндүрүмдүүлүгү жагынан Орто Азиядагы эң ири фабрикалардын бири болуп эсептелет жана ал Токмок шаарында курулууда. Курулуш иштери 2024-жылдын 16-ноябрында башталган. Учурда узундугу 180 метр, туурасы 70 метрден турган төрт бокс курулуп бүттү. Быйыл эгемендүүлүк күнүнө карата фабриканын ачылышы болуп, ишти баштоону пландап жатабыз. Текстиль фабрикасынын уставдык капиталы 1 млрд 700 млн сомду түзөт. Азыр фабриканы өздүк каражатабызга куруп жатабыз бирок, өнөктөш катары Кытай компаниялары менен бирге иш алып барабыз. Сырье жарымфабрикат түрүндө Кытайдан, Өзбекстандан келет. Жабдуулар, цехтин ичиндеги аппараттардын бардыгы Кытайдан алынат.

- Тиешелүү адистер, жумушчулар кандай тандалып алынат, негизи фабрика канча адамды иш менен камсыздайт?
- Кездеме өндүрүүдө негизги конструктор, технолог, модельерлер жана башкы дизайнерлер Кытайдан келет. Анткени, биз азыр бул адистерге муктажбыз. Кызматкерлердин бардыгын сынактын негизинде алабыз. Фабрика ишке кирсе, эки нөөмөт менен 500дөй адам иштейт. Биринчи бокста кездемелердин боёгун жууп тазалай турган, экинчисинде кездемеге жаңы дизайн менен гүл баса турган, кийинкисинде жип ийрип, кездеме чыгара турган цехтер болот. Төртүнчү цехте брондолгон айнектерди чыгаруучу цех орун алат. Андан ары жагында цемент завод жана ошондой эле жумушчулар үчүн жашап иштөөгө ылайыкталган даяр үйлөр жайгаштырылат.

- Фабриканын кубаттуулугу тууралуу айта кетсеңиз, негизи ишкана канча аянтты ээлейт?
- Азырынча фабриканын кубаттуулугун так айта албайбыз, аны учурунда иш көрсөтөт. Негизинен бул жерде тигүү тармагына керектелген кездемелер чыгарылат. Президентибизге жана министрлер кабинетине өндүрүш тармагына көңүл буруп, колдоо көрсөтүп жаткандыгына терең ыраазычылык билдиребиз. Фабрика жайгашкан бул 31 гектар жер Токмок шаарынан өндүрүшкө аукцион сынактын негизинде 2 млн 700 миң сомго сатып алганбыз. Андан тышкары, 31 гектарга жылдык төлөмдү өзүнчө төлөйбүз. Минкаб, Экономика министрлиги тарабынан иш көзөмөлгө алынып, өз нугунда жүрүүдө. Буга чейин ишкерлерди мынчалык деңгээлде колдоо болгон эмес.
- Экспортко товар кездеме түрүндө чыгабы же кийим тигүү тармагы да камтылганбы?
- Кардардын буйрутмасына жараша өндүрүлгөн товар кездеме жана кийим түрүндө да экспорттолот. Учурда Бишкек шаарынан 23 гектар жердин трансформациясын чыгарып жатышат. Трансформациясы чыкса, ошол жерге тигүү фабрикасын куруу үчүн өкмөт, Бишкек шаарынын мэри менен макулдашып жатабыз. Ошондо Токмоктон кездеме даярдалып, Бишкектеги фабрикадан кийимдер тигилет. Жөнөкөй кийимдер эмес, мыкты дизайн менен сапаттуу кийимдер тигилип, “Made In Kyrgyzstan” бренди менен экспорттолмокчу. Негизинен товарлар Европа тарапка, Орто Азия аймагына жана башка келишим түзүлгөн мамлекеттерге экспортко кетет. Жогоруда айтылгандай, мында кездеме жана даяр кийим түрүндө экспорттоого чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт.

- Асфальт-бетон заводу, дүкөндөрдүн курулушу тууралуу да айта кетсеңиз?
- Текстиль фабрикасынын 31 гектар аймагына дүкөн, асфальт-бетон чыгаруучу завод да курулуп жатат. Дүкөн курулуп жатканын себеби, кездемелердин түрлөрүн коюп көрсөтүүчү көргөзмө дүкөндөр болот. Каалаган жарандар, ишкерлер дүкөнгө кирип көрүп анан буйрутма берүүгө ыңгайлуу болот. Ал эми асфальт-бетон ушул 31 гектар жердин баарын асфальттоо үчүн керек. Башка бирөөдөн кымбат сатып албай, өзүбүздө ачтык. Эгер артып калса буйрутма бергендерге сатабыз. Эгер артпаса өзүбүздүн курулушка эле керектейбиз. Азырынча 2-3 жылга чейин өзүбүздүн курулуш иштер үчүн гана иштейт.