Бишкек, 07.11.26./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Токмок шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.
Анда маалымдалгандай, 2021-2026-жылдары шаарда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген. Алардын катарында жогорку билим берүү тармагындагы 11 объект, эки мектеп, алты бала бакча, беш кичи футбол талаасы, эки спорт зал, төрөт үйү, төрт парк жана бассейн бар.
Ошондой эле Калкты тейлөө борборунун имараты, Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын административдик имараты, 300 окуучуга ылайыкталган Д. Казакбаев атындагы № 14 мектептин окуу корпусу жана “Космос” кинотеатрынын имараты пайдаланууга берилген.