Кеминде цемент заводу курулуп, 700 жумуш орду түзүлөт

Аймак
Кеминде цемент заводу курулуп, 700  жумуш орду түзүлөт
copyright icon www

Бишкек, 07.11.26./Кабар/. Кемин районунда 2021-2025-жылдары беш өндүрүш ишканасы пайдаланууга берилип, аларда жалпысынан 608 жумуш орду түзүлгөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун бүгүн Токмок шаарынын, Чүй жана Кемин райондорунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Анда маалымдалгандай, мындан тышкары, райондо ири өнөр жай долбоору — цемент заводунун курулушу ишке ашырылууда. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 3 200 тонна клинкерди жана 1 400 тонна цементти түзөт. Инвестициянын көлөмү болжол менен 104 млн АКШ долларына бааланууда. 700 жаңы жумуш ордун түзүү каралган.