Бишкек, 07.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровго Кант шаарынын жана Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугушкан учурда үйүн банкка күрөөгө коюп, кийин төлөй албай үйүнөн ажырап калган жаран кайрылды.
Жарандын айтымында, ал 2023-жылы жылдык 31 пайыздык үстөк менен 440 миң сом насыя алган. Каражатка 50 миң даана кирпич сатып алып, үй курууну пландаган. Бирок, насыяны төлөө үчүн каражат табуу планы ишке ашпай калган.
Ал банктан алган 440 миң сомдун 220 миңин төлөгөнүн, бирок калган карызын өз убагында жаба албай калгандыктан, күрөөгө койгон үйүнөн ажыраганын билдирди.
Жаран үйүнүн баасы 100 миң долларга жакын экенин айтып, банк аны саткандан кийин калган акчанын айырмасы эмне болгонун тактап берүүнү өтүндү.
Президент Садыр Жапаров насыя алууда анын үстөк пайызын жана төлөө мүмкүнчүлүгүн жакшылап эсептөө зарылдыгын белгиледи. Ал 31 пайыздык үстөк менен алынган насыяны үй курууга жумшап, аны кийин төлөөдө кыйынчылык жаралышы мүмкүн экенин айтты.
“Кредит деген бекер акча эмес. Акча алдыңбы, аны иштетип, үстөк пайызын төлөй тургандай киреше табышың керек. 31 пайыз менен насыя алып, аны үй курууга жумшап, кийин кантип төлөөгө болот? 15 пайыз менен беришсе да, алуунун кереги жок. Акчаны туура пайдалануу керек, насыяны бекер акча катары кабыл албаш керек”, — деди мамлекет башчысы.
Ошол эле учурда президент иштин жагдайларын териштирүү үчүн Ички иштер министрлигине кайрылууну сунуштады. Ал үйдүн чыныгы баасын, банк тарабынан сатылгандагы сумманы жана калган акчанын айырмасы кайда кеткенин аныктоо керектигин белгиледи.