Дыйкандар президенттен өндүргөн продукциянын баасын жогорулатууну суранды

Коом
Дыйкандар президенттен өндүргөн продукциянын баасын жогорулатууну суранды
Дыйкандар президенттен өндүргөн продукциянын баасын жогорулатууну суранды
Алдыга
Артка
Дыйкандар президенттен өндүргөн продукциянын баасын жогорулатууну суранды
Дыйкандар президенттен өндүргөн продукциянын баасын жогорулатууну суранды
Алдыга
Артка

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 07.11.26. /Кабар/. Дыйкандар өндүргөн айыл чарба продукциясынын баасы өзгөрбөй, ал эми жер семирткичтер менен күйүүчү майдын кымбатташы чарбаларга оорчулук жаратууда. Мындай маселени Төлөнбек Мелисбек уулу президент Садыр Жапаровдун Кант шаарынын жана Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугушуусунда көтөрдү.

Анын айтымында, кант кызылчасы, жүгөрү жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүргөн дыйкандар чыгымдарын актай албай, жылдан жылга зыян тартып келишет. Айрыкча 2023-жылдан бери кумшекер менен жүгөрүнүн жана башка айыл чарба продукцияларынын сатып алуу баасы көтөрүлбөгөнүнө токтолуп, бул маселени мамлекеттик деңгээлде чечип берүүнү өтүндү.

Буга айыл чарба министри Эрлист Акунбеков жооп берип, Чүй облусунда кант кызылчасынын сатып алуу баасы акыркы жылдары жогорулап жатканын билдирди. Анын маалыматына караганда, былтыр кызылчанын бир килограммы 5 сом 20 тыйындан сатылса, быйыл баасы 5 сом 40-60 тыйынга чейин көтөрүлгөн. Дыйкандар аны 6 сомго жеткирүүнү суранып жатышат.

Министр ошондой эле жер семирткичтердин баасын арзандатуу жана дыйкандарды колдоо боюнча чаралар көрүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Кыргызстанда жер семирткич сактоочу 40 кампа ачуу пландалууда. Мамлекеттик колдоонун эсебинен мурда 65 сом турган жер семирткичтин баасы 41 сомго чейин түшүрүлгөнгө аракеттер көрүлүүдө.

Мындан тышкары, дыйкандарга субсидиялар берилип, айыл чарба продукцияларын экспорттоо багытында иштер жүргүзүлүүдө. Министр жүгөрүнү Кытайга экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, ошондой эле Тажикстан жана Өзбекстанга экспорт уланып жатканын кошумчалады.

Ошондой эле кант кызылчасын өстүргөн дыйкандарды колдоо максатында сырттан кумшекер алып келүүнү чектөө маселеси талкууланып жатканын маалымдады.