Токмокто 5 жылда 11 ири жана 201 чакан ишкана ачылган

Аймак
Токмокто 5 жылда 11 ири жана 201 чакан ишкана ачылган
copyright icon WWW

Бишкек, 07.11.26. /Кабар/. Токмок шаарында акыркы жылдары өндүрүш секторунун өнүгүүсү жанданган.

Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаровдун Токмок шаарынын, Чүй жана Кемин райондорунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Атап айтканда, 11 ири ишкана пайдаланууга берилип, 423 жумуш орду түзүлгөн. Мындан тышкары, 2 117 жумуш ордун камсыз кылган чакан жана орто бизнестин 201 ишканасы ачылган.

Жаңы өндүрүш объектилеринин катарында сыр өндүрүүчү ишкана, шиналарды кайра иштетүүчү завод, үч асфальт-бетон заводу, темир-бетон буюмдарын чыгаруучу завод, электр-техникалык жабдууларды өндүрүүчү ишкана, таш майдалоочу эки цех, ошондой эле пеноблок жана терезе өндүрүштөрү бар.