Токмокто бала бакчанын курулушунда кемчиликтер аныкталды

Аймак 2 сентябрь 2025 12:45
542363043_18077196599068772_3433059375245232847_n.jpg
542345304_18077196608068772_7937977632670206735_n.jpg
542812175_18077196617068772_1716408144763094243_n.jpg
Алдыга
Артка
542363043_18077196599068772_3433059375245232847_n.jpg
542345304_18077196608068772_7937977632670206735_n.jpg
542812175_18077196617068772_1716408144763094243_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. Токмок шаарынын Достук көчөсүндө курулуп жаткан бала бакчанын курулушу текшерилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө бала бакчанын терезеси жана кыштары сапатсыз орнотулгандыгы аныкталды.

Кемчиликтер боюнча акт түзүлүп, подряддык уюм “Эльдияр строй” ЖЧКсына сапатсыз тургузулган бөлүктү демонтаждоо, ишти долбоордук чечимдерге жана курулуш нормаларына ылайык келтирүү боюнча эскертүү берилди.

Ошондой эле укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик айып пул салуу жөнүндө токтом чыгарылды.

Учурда бала бакчанын курулушу башкармалык тарабынан көзөмөлдө турат. Аныкталган кемчиликтер жоюлмайынча объект пайдаланууга берилбейт.