Бишкек, 23.06.25. /Кабар/. Токмокто 2,8 гектар өндүрүштүк жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат 1989-жылы эл депутаттарынын Токмок шаардык кеңешинин аткаруу комитетинин чечими менен кара металл сыныктарын кабыл алуу боюнча "Вторчермет" ишканасына өндүрүштүк базаны куруу үчүн жер бөлүнүп берилгенин аныктаган.
2000-жылдардын башында ишкананын мураскери "Чуйоблснабторг" ААК банкрот болгондон кийин мүлк, анын ичинде жогоруда аталган аймак жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен.
Тийиштүү иш-чаралардын жыйынтыгында, жердин учурдагы ээси Ж.Т.Д. аттуу жаран 2,8 га жер участогуна мыйзамсыз ээлик кылуу фактысын мойнуна алып, өз ыктыяры менен мамлекеттин менчигине өткөрүп берди.
Эске салсак, "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" мыйзамынын 5-беренесине ылайык, мамлекеттик же муниципалдык ишканаларга мөөнөтсүз акысыз пайдаланууга берилген жер участоктору алар жоюлгандан кийин мамлекеттин менчигине өтүүгө тийиш.