Токмок жана Кара-Балтада 1 млрд сомдун өздөштүрүлүшү сынга алынды

Аймак Загрузка... 18 Февраль 2026 19:00
WhatsApp Image 2026-02-18 at 17.44.35.jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Республикалык бюджеттен Токмок жана Кара-Балта шаарларына 1 млрд сомдон бөлүнгөн каражаттардын өздөштүрүлүшү ишти уюштуруунун алсыздыгын жана бюджеттик каражаттарды пайдаланууну пландаштыруунун натыйжасыздыгын көрсөттү. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Санжар Жантаев Чүй облусунда аткарылган иштер жана быйылкы жылга пландарды талкуулаган жыйында билдирди.

Анын айтымында, Кара-Балтага бөлүнгөн каражатка базар, сейил бактарды көрктөндүрүү, жолдорду оңдоо жана видеокөзөмөл системаларын орнотуу сыяктуу иштер толук аяктаганы менен ири социалдык жана инженердик объекттер эксплуатацияга берилген эмес.

“Айрыкча суу менен камсыздоо жана канализация системасын жаңылоо долбоору боюнча иштер толук бүткөрүлбөй, гидравликалык сыноолор, тазалоо жана дезинфекциялоо жүргүзүлгөн эмес, абоненттер жаңы тармактарга кошулган эмес. Натыйжада, Кара-Балта шаарында бир катар объекттер белгиленген мөөнөттө аяктабай, узак курулуштун саны көбөйгөн”,- деди Жантаев.

Ал эми, Токмок шаарында да каражаттардын бир бөлүгү жол куруу, инженердик инфраструктура, соода павильондору жана жылуулук чарбасын модернизациялоо сыяктуу объекттерге багытталып, айрым иштер гана толук аткарылгандыгы маалымдалды.

“Токмокто стадион, сейил бак куруу жана башка ири объекттер толук аяктаган эмес же этаптык түрдө гана ишке ашырылууда. Ошону менен бирге кошумча ири каржылоону талап кылган жаңы объекттердин тизмеси кеңейүүдө. Бул жагдайлар бөлүнгөн ири бюджеттик каражаттар шаарлардын экономикасына күтүлгөн мультипликативдик таасир бербестен, тескерисинче, бүтпөй калган социалдык объекттердин санын көбөйтүп, кошумча финансылык жана уюштуруучулук тобокелдиктерди жаратканын көрсөтөт. Токмок шаарынын мэриясы президенттин Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 2 млрд 55 млн сом каражатты өздөштүрүүнү бүгүнкү күнгө чейин баштай элек”,- деди ал.