Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Президенттин агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жөнүндө жарлыгынын алкагында өлкөдө балык чарбаларын ирилештирүү жана кооперативдерге бириктирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда республика боюнча 5 балык чарба кооперативи түзүлдү:
- Аксы районунда: "Фиш Сары-Челек" жана "Рязань Форель";
- Токмок токойчулугунда: "Радужка", "Рыбовод" жана "Спартак Форель".
Токмок токойчулугунун аймагында балык чарбасын жүргүзүү боюнча 131 субъект менен келишим түзүлгөн. Алардын ичинен 30 чарба иштеп жаткан кооперативдерге кошулса, калгандары жаңы түзүлө турган 8 кооперативге бөлүштүрүлдү.
Мындан тышкары, Токмок токойчулугунда дагы кошумча кооперативдерди түзүү жана өндүрүштүк потенциалды жогорулатуу боюнча иштер улантылууда. Бул чаралар азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга багытталган.