Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Токмок шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы алмашты.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, Зарина Токтосуновна Чимырова Токмок шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Зарина Токтосуновна 1980-жылдын 6-мартында Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. Ал жогорку билимдүү — юрист жана менеджер адистигине ээ. 1997–2003-жылдары И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде “Менеджмент” багытында билим алып, андан соң 2011–2014-жылдары Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясында “Юриспруденция” багыты боюнча окуп, юрист квалификациясын алган.
Эмгек жолун 2003-жылы Чүй облустук Госреестрдин зоналык борборунда баштаган. Ал жерде бир катар кызматтарды аркалап, 2005-жылдан бери Токмок шаарынын маданият бөлүмүндө ар кандай кызматтарда иштеп келген. Дайындоого чейин бөлүмдө башкы адис кызматын аткарып жаткан.