Токмок шаарындагы жаңы стадион ачылууга даярдалууда

Коом Жүктөлүүдө... 13 Июль 2026 21:33
745748046_1465372598943907_233182149861757311_n.jpg
747207972_1336090681435665_2492686209135345814_n.jpg
746463593_1026479507006991_572993366036296628_n.jpg
745334362_793066997167683_1502941381065297903_n.jpg
Алдыга
Артка
745748046_1465372598943907_233182149861757311_n.jpg
747207972_1336090681435665_2492686209135345814_n.jpg
746463593_1026479507006991_572993366036296628_n.jpg
745334362_793066997167683_1502941381065297903_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Бүгүн, 13-июль күнү Токмок шаарындагы жаңы стадиондо анын пайдаланууга берилиши алдындагы кезектеги инспекция өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Инспекцияга Кыргыз футбол биримдигинин президентинин кеңешчиси Тимур Курманов, биримдиктин башкы катчысы Медербек Сыдыков, Чүй облусунун футбол ассоциациясынын жетекчиси Рахат Тутуев, ошондой эле курулуш иштерине жооптуу уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө курулуш иштеринин акыркы этабы, аткарылган иштердин сапаты жана объектти пайдаланууга берүү алдындагы даярдык каралды. Ошондой эле курулушту өз мөөнөтүндө толук аяктоо жана стадиондун расмий ачылышын уюштурууга байланыштуу маселелер талкууланды.

Учурда стадиондогу курулуш иштери жыйынтыктоочу баскычта турат. Жаңы футболдук объекттин расмий ачылышы 2026-жылдын август айына пландалууда.

Заманбап талаптарга жооп берген жаңы стадион Токмок шаарында жана жалпы Чүй облусунда футболду өнүктүрүүгө, машыгууларды жана республикалык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.