Токмок шаарында жаңы Калкты тейлөө борбору ачылды

Аймак Загрузка... 08 Сентябрь 2025 14:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 08.09.25. /Кабар/. Токмок шаарында жаңы Калкты тейлөө борборунун расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Кызмат мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор Ибраимов көчөсү 1/1 (мурунку автобекеттин имараты) дарегинде жайгашкан. Жалпы аянты 1 000 чарчы метрди түзөт. Бул Токмок шаарынын жана Чүй районунун 150 миңден ашык тургуну үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Калкты тейлөө борборунда паспорт алуу, ЖААК кызматтары, ЖИН ыйгаруу, Кыргызстандын жарандары менен чет өлкөлүктөрдү каттоо кызматтары көрсөтүлөт.

Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн фото кызмат көрсөтүү аймагы, VIP тейлөө, касса, нике каттоо үчүн салтанат залы, нотариус кызматтары, эне-бала бөлмөсү жайгашкан.

Кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында кызматкерлердин саны көбөйтүлдү: мурда 10 адис болсо, азыр 12 адис жана 5 техникалык кызматкер иштейт. Бул күнүнө 600гө чейин адамды тейлөөгө жана кезекте күтүүнү кыскартат.

Салтанаттуу иш-чарага катышкан президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Чүй облусунун ар бир тургуну кызматты тез жана ыңгайлуу ала алышы үчүн заманбап шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.