Токмок шаарында милициянын көчмө кабылдамасы ишке кирди

Аймак 29 Июль 2026 12:40
759224675_1084727584213473_2817746369335116437_n.jpg
758553853_1084727617546803_4255754241715454100_n.jpg
Алдыга
Артка
759224675_1084727584213473_2817746369335116437_n.jpg
758553853_1084727617546803_4255754241715454100_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 29.07.26. /Кабар/. Күн мурун Чүй облусунун Токмок шаарында милициянын көчмө кабылдамасынын ачылыш аземи болуп өттү.

Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, милициянын көчмө кабылдамасы шаардын аймагында жана ага чектеш калктуу конуштарда кызмат көрсөтүп, жарандарга жана туристтерге жеткиликтүү укуктук жардам берүүгө багытталган.

Бул жерге жергиликтүү тургундар жана туристтер ар кандай көйгөйлөрү жана суроолору боюнча кайрылып, укуктук кеңеш жана милиция кызматкерлеринин жардамын ала алышат. Ар бир кайрылуу мыйзамдын талаптарына ылайык ыкчам каралып, тиешелүү чаралар көрүлөт.