Токмок шаарында милициянын "акылдуу" пункту ишке берилди

Аймак Загрузка... 11 Июль 2025 15:45
copyright icon Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы

Бишкек, 11.07.25. /Кабар/. Бүгүн Токмок шаарында милициянын "акылдуу" пункту ишке берилди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага Чүй облустук милициясынын башчысы Каныбек Абдырахманов, Токмок шаарынын мэринин биринчи орун басары Азат Салморбек уулу, ички иштер органдарынын ардагерлери, Токмок ШИИБдин жетекчилиги жана өздүк курамы катышты.

Каныбек Абдырахманов милициянын жаңы пункту өлкө башчысынын жана Ички иштер министрлигинин талаптарын аткаруу максатында ачылганын белгиледи.

"Бул пункттун ачылышы шаарда коомдук коопсуздукту камсыз кылууда, эл менен милициянын ортосундагы ишенимди чыңдоого чоң өбөлгө болот", - деди ал.

Ошондой эле ал кызматкерлерди өз ишине так жана жоопкерчиликтүү болууга чакырып, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу багытында иштерди тынымсыз жүргүзүү керектигин айтты.

Токмок шаарынын борбордук аянтына курулган милициянын аймактык пункту заманбап технологиялар менен жабдылып, кызматкерлердин ишин натыйжалуу жүргүзүү багытында заманбап видеокөзөмөл, ыкчам байланыш системалары, маалыматтык база менен иштөө мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн.