Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Япониянын Токио шаарындагы Ханэда жана Нарита аэропортторунда тайфундун жакындашына байланыштуу кеминде 461 аба каттам токтотулду. Бул тууралуу ТАСС билдирди.
Маалыматка ылайык, Ханэда аэропортунда 280ден ашык ички жана 60ка жакын эл аралык каттам токтотулган. Ал эми Нарита аэропортунда 100дөн ашык, негизинен эл аралык каттамдар токтотулду.
Тайфун Хонсю аралынын Тынч океан жээгинин борбордук бөлүгүнүн түштүгүндө жайгашып, саатына болжол менен 25 чакырым ылдамдыкта түндүк-чыгышты көздөй жылууда. Ал дүйшөмбүнүн экинчи жарымында Идзу жарым аралына, андан кийин Токио аймагына жетери күтүлүүдө.
Синоптиктер нөшөрлүү жаан жаап, дарыялар ташып, жер көчкү жүрүшү мүмкүн экенин эскертишти. Жергиликтүү тургундарга зарыл болбосо сыртка чыкпоо сунушталды. Токиого жакын Тиба префектурасынын айрым аймактарында жашоочуларды коопсуз жайларга эвакуациялоо боюнча эскертүү берилди.
Тайфун катуу шамал жана нөшөрлүү жаан алып келүүдө. Айрым аймактарда акыркы эки суткада 410 миллиметрден ашык жаан жааган. Синоптиктер бир саатта 80 миллиметрге жакын жаан жаашы мүмкүн экенин болжолдошууда.