Бишкек 27.03.25 /Кабар/. 25-мартта Токио шаарында Кыргызстандын элчиси Эркинбек Осоев Япониянын премьер-министринин атайын кеңешчиси Акихисой Нагасима менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле "Борбор Азия + Япония" диалогунун биринчи саммитине даярдык маселелерин талкуулашты. Ошондой эле саясий диалогду тереңдетүүгө, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Элчи Осоев кыргыз-япон мамилелерин мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, ар кандай тармактарда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чоң потенциал бар экенин белгилди жана япон тарапка Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Япониянын премьер-министринин атайын кеңешчиси Нагасима Япониянын Кыргызстан менен өнөктөштүктү бекемдөөгө умтулуусун ырастап, туруктуу өнүгүү, инвестиция жана аймактык туруктуулук чөйрөлөрүндө кызматташуунун негизги ролун белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар артыкчылыктуу багыттар боюнча конструктивдүү диалогду жана кызматташууну улантуу тууралуу макулдашты.