Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Исламабад шаарында өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин 30-жыйынына катышты.
Тышкы саясий ведомстводон билдиришкендей, жыйында делегациялардын башчылары аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди карап, ЭКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, энергетикалык жана гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги боюнча пикир алмашышты.
Өз сөзүндө Турсункулов кыргыз тараптын ЭКУнун алкагында көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого берилгендигин ырастап, өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле биргелешкен инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн уюмдун колдо болгон дараметин натыйжалуу пайдалануунун маанилүүлүгүн белгиледи.
МФындан тышкары, ал ЭКУнун башкы катчысы Асад Мажид Хан менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстандын ЭКУ менен өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле уюмдун алкагында соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык багыттардагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңештин (АӨИЧК) башкы катчысы Султан Хаджиев менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда 2026-жылдын 15-октябрында Баку шаарында өткөн АӨИЧКнын 7-саммитинин жыйынтыктары, ошондой эле кыргыз тараптын демилгелерин ишке ашыруу боюнча чаралар талкууланды. Тараптар кызматташтыкты жана АӨИЧКнын институционалдык негиздерин мындан ары чыңдоо маселелери боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишти.