Токаев менен Дуров ЖИ жана киберкоопсуздук жаатында кызматташтыкты талкуулашты

Борбор Азия Загрузка... 03 Октябрь 2025 15:55
dur.jpg_2025_10_02_13_31_20.jpg

Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Telegram мессенджеринин негиздөөчүсү Павел Дуров Digital Bridge 2025 эл аралык форумунун алкагында жолугушту, деп маалымдайт Акорда.

Сүйлөшүү учурунда билим берүү, жасалма интеллект жана киберкоопсуздук чөйрөлөрүндөгү кызматташтык маселелери каралды.

Казакстандын президенти Telegramдын өлкөнүн санариптик күн тартибин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү аракетин жогору баалады. Компания расмий түрдө Astana Hub' га кошулуп, Казакстанда кеңсесин ачуу менен AIem борборунда AI лабораторияларын ишке киргизди.

Өз кезегинде Павел Дуров Касым-Жомарт Токаевге жасалма интеллект багытындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.

Буга чейин Павел Дуров башка чет элдик коноктор менен бирге Digital Bridge 2025 эл аралык технология форумунда сөз сүйлөп, Казакстанда AI лабораториясы ачылганын жарыялаган.