Тогуз жолдун тоомунда. Кочкордогу мал базар кандай өзгөрдү?

Аймак Загрузка... 30 Декабрь 2025 16:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кайыр Жайлообекова

Бардык материалдар

Өкмөт өлкөдөгү мал базарларды катуу тизгиндей баштады. Барган сайын талап күчөтүлүүдө. Ирети жоктор чекесинен жабылып жатат. Мындай соода жайларга болгон чабуул Кочкор районунун мал базарын да айланып өткөн жок. Көп жылдар бою иштетилген эски базар жабылып, райондун четине жаңысы ачылган. Анын иштеп жатканына 7 айга чамалап калды. Бирок толук кандуу иретке келтириле элек. Кочкордун айтылуу мал базары жумасына бир жолу иштейт. Ар ишемби сайын, ар тараптан сатуучу, алармандар жабылып келет. Мал базар деп аталганы менен жер-жемиш, тамак-аш, кийим-кече, майда барат тетиктерден бери сатылат. Бирок, негизги соода жандыктар тарабында кызыйт.

Мында соода кылган алып-сатарларды бардык шарттар канааттандырат. Себеби, бодо, майда жандыктар өз-өзүнчө турат. Мал алып келгендерге кенен унаа токтотуучу жай каралган. Бир базарга эле алты эстакада жасалган.

Ырыскелди Асаналиев, сатуучу

“Жылкы кире турган жер жок болчу. Базар жаңы курулду да. Ошого байланыштуу айрым учурларда кээ бир нерсенин ордун таппай жатабыз. Бул жерде кимге болбосун, жакшы орун керек болуп жатат. Эми бара-бара көнөбүз. Элди багып жаткан - ушул базар. Малды канчалык баксак, ошончо үзүрүн көрүп жатабыз. Кемчиликтерди базар башчысына айтып жатабыз. Жакшы эле иштеп жатат”.

Базар ачылгандан тарта октябрь айына чейин “Тазалык” муниципалдык ишканасынын карамагында болгон. Мында эмгектенгендер беш ай бою ачык асман алдында соода кылган. Базар өз алдынча ишкана болгондон бери бастырмалар салынып, өтмөктөр иретке келтирилди.

Эрнис Жаныбек уулу, “Тогуз -Булак соода-транспорттук логистикалык комплекс” муниципалдык ишканасынын жетекчиси

“Биз октябрь айынан баштап “Тогуз -Булак соода-транспорттук логистикалык комплекс” муниципалдык ишканасын ачканбыз. Эки айдын ичинде кум, шагыл төгүп, эл кирип чыкканда кенен болсун деп, жолдорду кеңейттик. Бул жерде маселелер көп экен. Алар бир, эки күндө эле чечилип калбайт, тилекке каршы. Жалпысынан 250 орунду бастырма куруп жатабыз. Эң негизги талап, ветеринардык-санитардык нормаларга дал келген, заманбап базар болушу керек. Күн суук болуп кеткенине байланыштуу, таза жана саркынды суулар системасын киргизүү иштери токтоп турат. 2026-жылы коммуникация маселеси чечилип, өтмөктөрга брусчатка төшөлүп, жарыктарды коюп беребиз”.

Базардын жалпы аянты 12 гектар. Анын 6 гектарында соода жүрөт, калганы унаа токтотуучу жай. Болжол менен базар сайын 2000ге жакын бодо жана майда жандыктарга ылайыкталган. 250гө жакын сатуучу келип,1000ден ашуун унаа кирип-чыгат. Ал эми кардарлардын саны 10 миңден ашат.

Кочкор районундагы мал базар тогуз жолдун тоомунда жайгашкан. Бул жер үч облусттун - Нарын, Ысык-Көл, Чүйдүн соодагерлеринин башын бириктирет. Соңку убакта түштүк аймактан дагы алармандар байма-бай каттап, базар барган сайын кызып жатат.