Тогуз-Торонун Арал айылында 75 орундуу бала бакча курула баштады

Аймак 991 24 Апрель 2025 14:38
492535270_1183854826546898_7892279884186637908_n (1).jpg
493314229_1183854883213559_8318707087877630024_n.jpg
493316070_1183854853213562_6549518636945800671_n.jpg
492061237_1183854859880228_2083240307267219521_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 24.04.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Арал айылында 75 орунга эсептелген заманбап жаңы бала бакчанын курулушу башталды.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда, тендердик баасы 43 млн сомдон ашат.

Долбоого ылайык, бала бакчада балдардын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн бардык заманбап жабдуулар менен камсыздалат.

Курулуш-монтаждоо иштери бардык курулуш нормаларына жана талаптарына ылайык аткарылат. Көзөмөл Курулуш министрлигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан жүргүзүлөт.