Тогуз-Тородо жаңы сквер пайдаланууга берилди

Аймак 3 октябрь 2025 18:33
557772297_2806683896188106_8593858402743080090_n.jpg
556806777_2806686896187806_3223813344361185569_n.jpg
557416879_2806685836187912_7949672264247262504_n.jpg
557514978_2806686036187892_4522663507020478195_n.jpg
557597333_2806684186188077_3337674935623177900_n.jpg
557597988_2806688832854279_4295362692814207519_n.jpg
557599013_2806681972854965_2160123006456442173_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Тогуз-Торо райондук администрациясы

Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Тогуз-Торо районунун Казарман айылында сквер пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Иш-чарага аким Манас Мураталиев, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Бердибек Абдрахманов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл тургундары катышты.

Аким Манас Мураталиев айыл элин сквердин ачылышы менен куттуктап, тургундарды жаратылган шаймандарга аяр мамиле жасап, сергек жашоого үндөдү.

Курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен 2 млн 499,7 миң сом сарпталган.

Белгилей кетсек, мурда бул жерде аталар эстелиги жайгашкан. Кийин район акиминин демилгеси менен эстеликтер райондук маданият үйүнүн аймагына жылдырылып, жашоочулардын эс алуусу үчүн сквер курулду. Скверде жөө басуучу тротуар, балдар ойноочу аянтча жана улгайган жарандар үчүн воркаут жана атайын олтургучтар каралган.