Эскиси өрттөнүп кеткен. Тогуз-Тородо эки кабаттуу жаңы мектеп курулууда

Аймак 20 ноябрь 2025 14:40
585343986_1348891366709909_9027711761601166794_n.jpg
585624664_1348891303376582_892730915123269472_n (1).jpg
585624664_1348891303376582_892730915123269472_n.jpg
585912915_1348891353376577_8946084559626817390_n.jpg
586008771_1348891326709913_1083520014737922244_n.jpg
586045872_1348891376709908_3643413052178790705_n.jpg
586072222_1348891390043240_1975608163095437192_n.jpg
586342048_1348891296709916_3338797658073685320_n.jpg
586740958_1348891336709912_1002921812270669968_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 20.11.25. /Кабар/. Тогуз-Торо районуна караштуу Карл Маркс айылында эки кабаттуу жаңы мектептин курулушу уланууда.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, мектептин жалпы аянты 1376 чарчы метрди түзөт.

Мурдагы 130 орундуу мектептин курулушу 14 жыл мурда башталып, 8 жылдан кийин гана бүткөрүлгөн. Бирок, 6 жылдан соң өрт кырсыгынан улам колдонуудан чыгып калган.

Ал эми жаңы мектептин курулушу 2025-жылдын июнь айында башталып, 2026-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Долбоорго ылайык, эки кабаттуу мектепте окуучулар жана мугалимдер үчүн бардык заманбап шарттар каралып, президенттин фондунан каржыланууда.