Тогуз-Тородо дан куурайдын полька сорту отургузулду

Аймак Загрузка... 04 Ноябрь 2025 10:04
malina-polka.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 04.10.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда дан куурайдын полька сорту отургузулду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашкандай, “30+20+10” долбоорунун алкагында Өмүр Бакыт уулу тарабынан 0,50 гектар жер аянтына дан куурайдын полька сорту отургузулду.

Өсүмдүктөрдүн туура өсүшүн камсыз кылуу жана жердин абалын аныктоо үчүн райондук өсүмдүктөрдү коргоо жана химиялаштыруу бөлүмүнүн адиси топурактан үлгүлөрдү алып, лабораториялык анализге жөнөттү.

Министрликтен белгилешкендей, “30+20+10” долбоору айыл чарбасына инновацияларды киргизүүгө, айыл аймактарында өндүрүштү кеңейтүүгө жана фермерлерди колдоого багытталган.