Тогуз-Тородо 6 миң алма көчөтү акысыз таратылды

Аймак 9 апрель 2026 10:11
Тогуз-Тородо 6 миң алма көчөтү акысыз таратылды
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Тогуз-Торо райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан Бирдик айылына 6 миң даана алма көчөтү акысыз таратылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чара президент Садыр Жапаровдун "Бир айыл — бир продукт" улуттук экономикалык долбоору" жарлыгынын алкагында уюштурулду. Анда крипсон, симиренко, голден делишес, столовка, белый налив, ред чиф сорттору берилди.

"Долбоор БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан каржыланып, айыл тургундары үчүн бак-дарактарды көбөйтүү, кошумча киреше булактарын түзүү жана экологияны жакшыртууга олуттуу салым кошот"— деп айтылат маалыматта.