Быйыл Тогуз-Торо районунда 125 миң түп көчөт отургузулат

Аймак Загрузка... 20 Апрель 2026 09:00
2_RKQEjfp.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Тогуз-Торо районунун Алдаке өзөнүнө 125 миң түп көчөт отургузулат. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Учурда аталган тилкеге пландалган 90 гектардын 50 гектар жерине карагай көчөтү тигилди.

Көчөттөр токойлорду калыбына келтирүү максатында тигилүүдө.

Белгилей кетсек, быйыл Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгына карата 90 гектар аянтка көчөт отургузуу максаты коюлган.