Тоголок Молдо көчөсүндө жаңы унаа токтотуучу жай пайда болду

Коом Загрузка... 03 Октябрь 2025 12:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 03.10.25 /Кабар/. Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндө жаңы унаа токтотуучу жайлар түзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жакында эле Тоголок Молдо көчөсүнүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго жакын жайгашкан жерде жаңы унаа токтотуучу жайлар курулду.

Узундугу 120 метр, туурасы 5 метр болгон унаа токтотуучу жай болжол менен 40 унааны кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул спортчуларга, күйөрмандарга жана спорттук иш-чаралардын катышуучуларына унааларын стадиондун жанына ыңгайлуу токтотууга шарт түзөт.

Ошондой эле жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, тамчылатып сугаруу системасын орнотуу үчүн жердин топурагын төмөндөтүү иштери аткарылды.