Тоголок кенинде ири өндүрүш комплекси курулат

Коом Загрузка... 17 Июнь 2026 10:50
1.webp
copyright icon "Кумтөр Голд Компани" ЖАК

Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Тоголок алтын кенинин башкы өндүрүштүк объектилерин куруу үчүн Кытайдын эл аралык China Nerin Engineering Co., Ltd. инжиниринг компаниясы башкы куруучу катары тандалды. Бул тууралуу "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтан билдиришти.

"Кумтөр Оперейтинг Компани" башкармалыгынын төрагасы Канимет Токтосуновдун айтымында, ачык сынактын жыйынтыгында бул компания алтын ылгоочу фабриканы, калдык сактоочу жайды, вахталык шаарчаны жана башка бардык инфраструктуралык объекттерди аягына чейин куруп берүү үчүн тандалып алынган.

Кытайлык компания долбоорлоодон баштап, жабдыктарды жеткирүү, курулуш, монтаждоо жана объекттерди толугу менен пайдаланууга берүүгө чейинки бардык жумуштарды өзү аткарат. Курулуш иштерин эки жылдын ичинде бүтүрүү пландалууда.

Ишкана жетекчилиги кытайлык компания объекттердин курулуш ишин гана аткарарын өзгөчө баса белгиледи. Алар алтын казууга аралашпайт. Тоголок кенин иштетүүнү толугу менен "Кумтөр Оперейтинг Компани" өз күчү менен ишке ашырат.

Тоголок кени - бул долбоор толугу менен "Кумтөр Голд Компанинин" өз каражатына каржыланууда, сырттан эч кандай чет элдик инвестиция же насыя алынган эмес. Кендин расмий бекитилген баланстык кору 19 тонна 928 килограмм алтынды түзөт.

Маалымат үчүн: China Nerin Engineering компаниясы 1986-жылдан бери иштейт. Ал тоо-кен, энергетика жана транспорт тармагында дүйнөлүк деңгээлдеги ири долбоорлорду ишке ашырып келет. Буга чейин Россия, Казакстан, Австралия, Канада, Германия, Түркия, Чили, Египет, Түштүк Африка жана Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдө ири өндүрүш очокторун ийгиликтүү курган.