Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Тоголок алтын кенинде алтын ылгоочу фабрика куруу долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу "Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов билдирди.
Анын айтымында, долбоор боюнча изилдөө, долбоорлоо жана экспертиза иштери аяктаган. Учурда Тоголок кенинде тоо-кен иштери жүргүзүлүп, тиешелүү инфраструктура түзүлүүдө.
"Мунун кубаттуулугу бир жылда 500 миң тонна руданы кайра иштетүүгө эсептелген. Эгемендүүлүктү алгандан берки нөлдөн баштап курулуп жаткан долбоорлордун бири ушул болуп эсептелет", - деди Кубат Абдраимов.
Ал белгилегендей, Тоголок кениндеги фабриканы куруу долбоору эки жылдан ашык убакыттан бери ишке ашырылып келет. Долбоордун алкагында Россиядан адистер тартылып, изилдөө иштери жүргүзүлгөн.