Тоңдун Жер-Үй айылында 150 орундуу мектеп жакында пайдаланууга берилет

Аймак Жүктөлүүдө... 21 Октябрь 2025 15:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 21.10.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Жер-Үй айылындагы 150 орундуу мектеп жакында пайдаланууга берилет.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, мектептин курулушу 2022-жылы башталып, быйыл толук бүткөрүлдү. Башкы план боюнча жалпы аянты 1423 чарчы метрди түзгөн бир кабаттуу окуу корпус заманбап спорт залы менен салынды.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Объекттин тендердик баасы 93 млн сомду түзөт.

Учурда эмеректер иретке келтирилип, тазалоо иштери жүрүп жатат.