Тоңдогу "Ак-Куу" тиричилик үйү ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлдү

Аймак Загрузка... 15 Апрель 2025 14:54
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Тоң районунун Төрт-Күл айылындагы "Ак-Куу" тиричилик үйүнүн мурдагы имаратынын ээси аталган мүлктү өз ыктыяры менен мамлекеттик баланска өткөрүп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК жеке менчикке мыйзамсыз өткөн өндүрүш объектилерин, жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча ишин улантууда.

Тоң районунун Төрт-Көл айылындагы "Ак-Куу" тиричилик үйүн мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы боюнча менчик ээси А.А.Т. мурунку "Ак-Куу" тиричилик үйүн, пайдалуу аянты 291,60 чарчы метр, турак жай аянты 145,40 чарчы метр, 2000 чарчы метр жер участогу менен кошо мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер участокторун, ишканаларды жана имараттарды аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.