Тоңдо туристтик сезонго байланыштуу алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 20 май 2025 17:48
499244714_18013765775718141_6366112590379843034_n.jpg
498923961_18013765787718141_8174233824315604512_n.jpg
499592090_18013765826718141_6988919012100022611_n.jpg
499878417_18013765829718141_4086599606467598874_n.jpg
499960924_18013765817718141_3959052677537500985_n.jpg
499971578_18013765811718141_5352410502698405621_n.jpg
499977409_18013765832718141_2620401209149571298_n.jpg
500001783_18013765823718141_8554863312677913176_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 20.05.25. /Кабар/. Тоң районунда жайкы туристтик сезондун башталышына байланыштуу алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милиция кызматкерлери тарабынан эс алуучу жайларда жайкы туристтик сезондун башталышына байланыштуу алдын алуу жана түшүндүрүү иштери активдүү жүргүзүлүүдө.

Бул иш-чаралардын негизги максаты — жарандардын жана келген туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле эс алуучу жайларда тартипти сактоо жана мүмкүн болуучу тобокелдиктердин алдын алуу.

ИИМ кызматкерлери тарабынан төмөнкү иштер жүргүзүлдү:

  • эс алуучулар менен профилактикалык маектешүү;
  • коопсуз эс алуунун эрежелери боюнча түшүндүрүү;
  • туристтик багыттарда жөө жана авто патрул кызматтарын уюштуруу;
  • эс алуу жайларынын кызматкерлерине жана жергиликтүү тургундарга укуктук маалымат берүү.

Тоң РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү белгилешкендей, мындай алдын алуу иш-чаралары жай мезгилинде көп сандаган туристтерди кабыл алган аймактарда өзгөчө мааниге ээ. Бул ыкмалар коомдук тартипти сактоого, мыйзам бузууларды алдын алууга жана жарандар менен милициянын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө көмөк көрсөтөт.

Белгиленгендей, мындан ары дагы райондун аймагында түшүндүрүү иштери улантылат.