Мыйзамсыз берилген жерлер: Тоң районунда 47 гектар жер мамлекетке өттү

Аймак 30 Июнь 2026 11:30
733328586_1490841442319684_2709723834415629379_n.jpg
732933752_861791573246122_6493625217167546425_n.jpg
733328595_1486422636837572_5227346266859124811_n.jpg
735205420_1028406566233503_706273484982301260_n.jpg
735844526_2888457784848966_1382339860029892942_n (1).jpg
735844526_2888457784848966_1382339860029892942_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Тоң районунда мыйзамсыз берилген 47 гектар ашык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул туралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

Натыйжада Улахол, Ак-Терек жана Күн-Чыгыш айыл аймактарына караштуу жалпы 47,84 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкелери 2006-2008-жылдар аралыгында жеке жактардын менчигине мыйзамсыз өтүп кеткендиги аныкталган.

"Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында 65 млн сомго бааланган жер тилкелери толугу менен мамлекеттин менчигине кайтарылды",-деп айтылат маалыматта.