Бишкек, 31.07.25 /Кабар/. Тоң районунда дан сактоочу кампалар жана мөмө багы зыянкечтерден жана илдеттерден тазаланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Тазалоо иштери Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын адистда жүргүзүлдү.
Иш-чаранын алкагында кампалар аэрозолдук ("ысык туман") ыкмасы менен дезинсекцияланып, негизги зыянкечтер катары амбар кенеси (амбарный клещ), долгоносик жана башка зыяндуу организмдерге каршы дарылоо жүргүзүлдү.
Мындан сырткары, ачык талааларда жана багбанчылык чарбаларында төмөнкү фитосанитардык жана агрохимиялык иш-чаралар аткарылды:
- желелүү кене жана башка бит сымал зыянкечтерге каршы — абамектин, ацетамиприд препараттары колдонулду;
- мөмө-чирик жана ак кебер илдетине каршы — пенканазол жана дифеноканазол фунгициддери чачылды;
- өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн — фосфор, калий, бор, кыргыз гумат, стимулятор сыяктуу биологиялык жана минералдык жер семирткичтер чачылды.
Бул иш-чаралар негизинен алманын крипсон, превосходный, голден рашида, апорт, слава, наливка сортторуна жүргүзүлдү.
Өсүмдүктөрдү коргоо боюнча жүргүзүлгөн бул иштер өсүмдүктөрдүн ден соолугун жакшыртып, түшүм сапатын жогорулатууга жана айыл чарба продукциясын карантиндик зыянкечтерден коргоого багытталган.