Тоңдо Бар-Булак – Жылуу-Суу унаа жолу толугу менен асфальтталат

Аймак Загрузка... 06 Август 2025 14:29
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Тоң районундагы Бар-Булак - Жылуу-Суу унаа жолу толугу менен асфальтталат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, аталган жолдун узундугу 4 чакырымды түзүп, Жылуу-Суу ден соолукту чыңдоо борборуна баруу жакшырат.

Учурда жолдун негизин даярдоо жана 3-чакырымындагы жер астынан чыккан суунун кесепетинен жаралган боштукту таш, кум аралашмасы менен толтуруу иштери жүрүп жатат. Алардын орточо тереңдиги 1 метрди түзөт.

Белгиленгендей, жол куруу иштери №10 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан аткарылууда.

Жылуу-Суу ден соолукту чыңдоо борборуна баруучу жолдун курулушу айыл тургундары үчүн гана эмес, чет өлкөлүк конокторго, ички туристтерге жана эс алуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзөт. Бул аймактын туристтик потенциалын арттырып, өнүгүүсүнө чоң салым кошот.