Тоңдо бала бакчага барган балдардын саны 60%га жеткирилет

Аймак 5 август 2025 14:35
528278625_1190859893087753_3902284288579585163_n.jpg
528487998_1190859886421087_1405298643032998275_n.jpg
528304937_1190859889754420_6825200329170912433_n.jpg
Алдыга
Артка
528278625_1190859893087753_3902284288579585163_n.jpg
528487998_1190859886421087_1405298643032998275_n.jpg
528304937_1190859889754420_6825200329170912433_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек 05.08.25 /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен кеңири камтууга арналган жыйын өттү.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, иш-чарада 2025-жылдын аягына чейин райондогу балдарды бала бакчага камтуунун деңгээлин 60 пайызга жеткирүү максаты коюлду.

Жолугушууга Агартуу министрлигинин өкүлдөрү, акимдин орун басары Гүлбүбү Жашымбек кызы жана төрт айыл өкмөтүнүн башчылары катышты.

Министрликтин өкүлдөрү балдарды бала бакчага кабыл алуу процесси, анын артыкчылыктары жана бала бакчага барган балдардын сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти.

Өз кезегинде айыл өкмөт башчылары бала бакчалардын жетишсиздигин жоюу, жаңы орундарды түзүү жана инфраструктураны жакшыртуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолушту.

Акимдин орун басары Гүлбүбү Жашымбек кызы жыйында сүйлөп жатып, 2025-жылдын соңуна чейин Тоң районунда бала бакчаларга камтуунун деңгээли 60 пайыздан ашарын белгиледи.