Бишкек, 23.12.25. /Кабар/. Тоң районунда айыл чарба жарманкеси өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба өнөр-жайы жана кайра иштетүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарманкеде негизинен топоз жана койдун эти арзан баада сатылды. Мисалга алсак, топоздун эти 600 сомдон, ал эми койдун эти 650 сомдон сатылды. Андан сырткары, үндүктүн эти да базар баасынан арзан сатылды.
Эске салсак, министрлик тарабынан жарандарга арзан азык-түлүк продукцияларын жеткиликтүү баада сатуу үчүн жер-жерлерде жарманкелер өткөрүлүп келүүдө. Бүгүнкү күндө өлкөдө республика боюнча негизги азык-түлүк продукциялары боюнча эч кандай тартыштык жок, азык-түлүк кору жетиштүү.