Тоңдо айыл чарба багытындагы 120 га жер мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 01 Октябрь 2025 09:10
557601335_1120483113604073_3387728824846239142_n.jpg
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Тоң районунда айыл чарба багытындагы 120 га жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Тоң районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Б.Мамбетов айыл өкмөтүнө караштуу Карасай тилкесиндеги жалпы 120 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси 2008-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 102 млн сомду түзгөн жер тилкеси толугу менен мамлекетке кайтарылды.