Тоңдо 200 гектарга жакын айдоо жери мамлекетке кайтарылды

Аймак 1482 23 Январь 2026 18:22
617150510_1209465464705837_2657645791864837946_n.jpg
617499028_1209465591372491_5325687259260997957_n.jpg
618060215_1209465441372506_7190237010847064635_n.jpg
618258071_1209465681372482_679063092251245939_n.jpg
618268372_1209465684705815_165666562736004217_n.jpg
618630975_1209465594705824_1200167249507464119_n.jpg
619373129_1209465468039170_5429369422535883201_n.jpg
621976820_1209465578039159_5636273061822898473_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Тоң районунда 200 гектарга жакын айдоо жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тоң райондук прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Улахол, Ак-Терек, Б.Мамбетов жана мурдагы Тоң (азыркы Күн-Чыгыш) айыл өкмөттөрү тарабынан жалпы 196,83 га айыл чарба багытындагы жер тилкелери 2007-2008-жылдар аралыгында мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 112 млн сомду түзгөн жер тилкелер толугу менен мамлекетке кайтарылды.