Тоң жана Түптө жерди мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды

Аймак Загрузка... 18 Сентябрь 2025 14:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Тоң жана Түп райондорунда жерди пайдаланууда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Текшерүу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ысык-Көл аймактык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн.

Тактап айтканда, Түп районуна караштуу Балбай айыл аймагында тиешелүү комиссия менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүү учурунда үч мыйзамсыз курулуш объектиси аныкталып, тиешелүү акт түзүлдү.

Мындан сырткары, Балбай жана Кудургу айыл аймактарында мамлекеттик унаа жолунун курулушу үчүн берилген 8 кум-шагыл карьери боюнча жеринде текшерүү жана рекультивациялоо иштерин камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ал эми Тоң районунун Эшперов айылындагы каналдын суу коргоо тилкесинде мыйзамсыз коруктар аныкталып, учурда жарандар өз эсебинен жылдыруу жана бак-дарактарды кыюу иштерин жүргүзүп жатышат.

Текшерүүлөрдүн негизги максаты мыйзамдуулукту камсыз кылууга, жаратылыш ресурстарын туура пайдаланууга жана суу коргоо тилкелерин коргоого багытталган.