Тоң районундагы "Южный" пансионаты мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 12 Март 2025 09:42
2697ba6b-2a7b-4ad5-81d5-9a654e017823-850x560.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Тоң районундагы “Южный” пансионаты мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл обласунун Тоң районунун прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мамлекеттик мүлктү кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, мурда мамлекеттин менчигинде турган Кажы-Сай айылындагы "Южный" пансионаты жана ага тийиштүү жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталган.

Келтирилген прокурордук чара көрүү актыларынын жыйынтыгында 14 млн 988 миң сомду түзгөн "Южный" пансионатынын имараты жана 10 183 чарчы метр жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.