Тоң районунда мыйзамсыз сакталган курал-жарактар табылды

Аймак 13 Март 2026 13:40
649236433_18047037788718141_4085120216419134066_n.jpg
649238461_18047037809718141_7659152628724360605_n.jpg
649240653_18047037773718141_2802685434075863954_n.jpg
650621962_18047037770718141_9070489418376555229_n.jpg
651336283_18047037791718141_765679413150448021_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ысык-Көл ОИИБ

Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Тоң районунун аймагында мыйзамсыз аңчылыкка жана балык уулоого каршы багытталган рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Рейддин алкагында Тоң жана Кажы-Сай айылдарындагы бир нече үйдө тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада төмөнкүлөр табылды:

  • Кажы-Сай айылынын 1980-жылы туулган тургуну О.И.нин үйүнөн 1 даана 16-калибрдеги сайсыз курал жана 5 даана ок алынды;
  • Тоң айылынын 1955-жылы туулган тургуну Ж.О.нун үйүнөн 1 даана сайлуу ок атуучу курал жана 23 даана ок алынды;
  • Ушул эле айылдын 1956-жылы туулган тургуну Ж.Б.нын үйүнөн 1 даана сайсыз ок атуучу курал жана 23 даана ок алынды.

Алынган куралдардын тиешелүү документтери болгон эмес. Курал ээлерине карата протоколдор толтурулуп, мыйзам чегинде тийиштүү чаралар көрүлдү.