Тоң районунда мыйзамсыз балык уулаган жаран кармалды

Укук тартиби 14 октябрь 2025 10:47
563810558_18030709862718141_6135978445743754942_n.jpg
563914270_18030709874718141_4449353998674228002_n.jpg
563936280_18030709847718141_4459360420833046600_n.jpg
565542319_18030709871718141_8068062740854642977_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы

Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. Тоң районунда мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун Тоң жана Ак-Сай сууларынын кошулушунда жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Тоң районунун 1978-жылы туулган тургуну Д.Б. аттуу жаран мыйзамсыз түрдө 28 даана балык уулоо учурунда кармалган.

Натыйжада "Мыйзамсыз балык уулоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды.