Тоң районунда күнөсканалар курулуп, сугат маселеси чечилет

Коом 30 июнь 2025 12:56
510983884_1221440819477016_8681057662555999248_n.jpg
511599634_1221440909477007_3477302843408175208_n.jpg
Алдыга
Артка
510983884_1221440819477016_8681057662555999248_n.jpg
511599634_1221440909477007_3477302843408175208_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. "3+2" долбоорунун алкагында Тоң районунда күнөскана курулуп, сугат суу маселеси чечилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган долбоордун алкагында Тоң райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгында "Агро Лидер +" айыл чарба кооперативи Кореянын Айыл чарба продукциясынын сапатын жана коопсуздугун баалоо боюнча институту менен наркы 45 млн сомдук долбоорго кол коюлду. 

Долбоордун максаты суу жетпеген айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыздап, келечекте күнөсканаларды куруу болуп саналат.

Аталган долбоордун мөөнөтү 3 жылды түзөт. Азыркы учурда Тоң районундагы суу жетпеген жерлер изилденип, атайын экспертизалар жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, "3+2" өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылыгы боюнча программа министирлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык ишке ашып жатат.