Бишкек, 15.07.26 /Кабар/. Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун коргоо максатында 13–14-июль күндөрү Тоң районунун аймагында атайын тазалоо иштери жүрүп, анын алкагында көл түбүнөн жалпы узундугу 4 100 метрди (4,1 чакырым) түзгөн эски синтетикалык балык уулоочу торлор суурулуп алынды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, бул ирет уюштурулган кечиктирилгис рейддик иш-чаралар Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылды. Экологдор торлордон сырткары көл түбүнөн жана жээгинен 60 килограммга жакын тиричилик калдыктарын чогултуп чыгышты.
Эскерте кетсек, тазалыкка багытталган мындай камкордуктар туруктуу негизде жүрүп келет.
Маселен, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле аталган министрлик тарабынан Ысык-Көлдүн акваториясында жалпысынан 79 ири рейд уюштурулган. Анын жыйынтыгында касиеттүү көлдүн койнунан 35 чакырымга созулган зыяндуу синтетикалык торлор тазаланып, 1 тоннага чукул тиричилик таштандысы коопсуз жайга чыгарылган.