Тоң районунда эки жаңы суу сактагыч курулууда

Аймак Загрузка... 11 Июль 2025 09:44
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 11.07.25. /Кабар/. Тоң районунда стратегиялык мааниге ээ болгон "Үч-Коргон" суу сактагычы жана Чокмор-Ата тилкесинде жаңы күнүмдүк жөнгө салуу бассейини курулууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

"Үч-Коргон" суу сактагычы географиялык жактан эң ыңгайлуу жайгашкан. Үч тарабын тоолор курчаган саздак аймак, болжолдуу аянты 70 гектарды түзөт. 

Суу сактагыч жалпы 4 113 гектар сугат жерди суу менен камсыздайт, анын ичинде Тоң, Күн-Чыгыш, Төрт-Күл жана Б.Мамбетов айыл аймактарынын айдоо жерлери бар. Мындан тышкары, 817 гектар жаңы жер өздөштүрүлүп, дагы 2 миң гектар жерге сугат суу жеткирүү жакшыртылат.

Суу сактагыч 4,3 млн м³ көлөмдөгү суу сактоого жөндөмдүү монолит темир-бетондон курулуп жаткан суу берүүчү башня секундуна 17,7 м³ суу өткөрө алат.
Бүгүнкү күнгө карата жалпы курулуштун 85%пайызы ийгиликтүү аткарылды.

Мындан тышкары, Чокмор-Ата тилкесинде курулуп жаткан жаңы күнүмдүк жөнгө салуу бассейини жалпы 1 854 гектар сугат аянтын суу менен камсыздоого багытталган. Учурда бул аймакта суу жетишсиздигинен улам 260 гектар үлүш жер сугарылбай келет. Жаңы суу сактагыч курулса, буга кошумча 150 гектар жаңы сугат жер кошулуп, жалпысынан 700-750 гектар аянттын суу менен камсыздалышы жакшырмакчы.

Суу сактагычтын долбоордук сыйымдуулугу 1,4 млн м³ түзөт. Суу топтоочу дамба курулат.

Жогоруда аталган эки суу сактагыч Тоң районундагы сугат суунун тартыштыгын чечүүгө жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө чоң салым кошот.